Коом

Графикти алдын ала тактап алыңыз. «Манас» эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө режимде иштейт

«Манас» эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет.

31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аэропорт ШКУ саммитинин катышуучуларын жана расмий делегацияларды кабыл алат.

1-сентябрда жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөө саат 10:00дөн 22:00гө чейин созулат.

Ошол эле учурда аэропорт толугу менен жабылбайт. Чектөө коюлбаган түнкү убакта жүргүнчү каттамдарын тейлөө улантылат.

Авиакомпанияларга айрым каттамдардын убактысын өзгөртүү, жеткиликтүү убакытка жылдыруу же зарыл болгон учурда токтотуу сунушталды.

31-августта жана 1-сентябрда учууну пландаган жүргүнчүлөргө каттамынын статусун авиакомпаниядан алдын ала тактап, актуалдуу графикке көз салып туруу сунушталат. Учуп кетүү жана келүү убактысы өзгөрүшү мүмкүн.

Убактылуу чектөөлөр эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегацияларды кабыл алууну уюштуруу үчүн киргизилүүдө.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button