Коом

Кыргызстан Австралиядагы заводдон 30 млн сомго сүйлөө процессорлорун сатып алды

Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, баасы 30 млн сомдук жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз сатып алынган.

Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.

Жаңы технология балдардын угуу, сүйлөө, баарлашуу жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button