Коом

Эдил Байсалов Ташиевдин уулуна байланыштуу тендер тууралуу пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев катышкан тендерди иликтөө боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.

Эдил Байсалов:

«Манипуляциянын күчү кандай. «Ташиевдин уулу тендерлерден ута баштады» деген күчтүү тема коюп койсо болду, бардыгы нааразычылыктарын билдирип, истерика башташты. Ташиевдер бензин жеткирүү менен 25 жылдан бери алектенип келатканы эч нерсе эмеспи? Баары муну билишет! Кылмышты тааптырсыңар: үч майда тендер, жалпы кирешеси — 300 доллар!» — деп жазды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлиги  күйүүчү майга жарыялаган тендерди Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев утканы боюнча белгилүү журналист иликтөө жасап, коомчулукка жарыялаган эле.

Бул иликтөөдөн кийин Жалал-Абад шаардык  кеңешинин спикери Нуртилек Орозбаев да журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, күйүүчү майдын кымбаттаганына жана баасынын туруксуз болгонуна байланыштуу тендерге бир да компания катышпагандыктан, Тай-Мурас Ташиевдин компаниясы менен келишим түзүлгөнүн, бул жерде эч кандай пайда көрүү болбогонун айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button