Коом

ЖАКнын полковниги мурда жашыруун болгон темада докторлук диссертациясын жактады

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Окуу борборунун башчысы, отставкадагы полковник Болотбек Абдрахманов  “XX кылымдын 30-жылдарындагы Кыргызстандын жазалоо органдарынын репрессиялык чаралары. Себептери жана кесепеттери» -деген уникалдуу темада докторлук диссертациясын жактады. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Бул  Бишкектеги И.Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин диссертациялык кеңешинин жыйынында болду. Биздин кесиптешибиз тарых илимдеринин доктору деген татыктуу наамга ээ болду.

Маанилүү окуяны Болотбек Жумашевичти тааныгандардын баары жылуу кабыл алышты. ЖАКнын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев илимдин жаңы  докторун кызуу куттуктап, бардык бөлүм башчыларынын катышуусунда «Кадырман» медалын тапшырды.

Кесиптештери агайга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт  жана илимий ишмердигине жемиштүү  ийгиликтерди каалашты.

Ал үч жылдан бери улуттук коопсуздук органдарынын экс-кызматкери катары КРнын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борборун жетектеп келет.

Белгилей кетсек, Болот Жумашевич өзү изилдеп жаткан маселенин чыныгы адиси. 2021-жылдын июнь айында ЖАКда анын авторлоштору менен фундаменталдык эмгегинин – “Кыргыз Республикасынын саясий репрессияларынын курмандыктарынын китеби (1920-1953)” презентациясы болгон. 10 томдук, анын ичинде сталиндик жылдарда жапа чеккен дээрлик 20 миң адам жөнүндө уникалдуу маалыматтар камтылнан.

Б.Абдрахманов: «Басылманын негизги максаты – тоталитаризм доорундагы чындыкты жарыялоо, жаманатты болгон элдин жакшы атын калыбына келтирүү. Биздин топ 1938-жылдын ноябрь айында 19 улуттун өкүлдөрүнүн 138 атуулунун сөөгү Фрунзе шаарынын айланасындагы кирпич чыккан  чуңкурга ыргытылганын аныкталган. 1991-жылы гана сөөктөрдү аза күтүү менен кайра жерге берүү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болгон.

— Доктордук диссертация — Чоң-Таштагы жашыруун көмүлгөн жер табылгандан кийин баштаган көп жылдык эмгегимдин логикалык тыянагы, — дейт Болот Жумашевич.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button