Коом

Сегиз күндөн бери дайынсыз. Жумгалда 56 жаштагы жаран издөөдө

Жумгалда 56 жаштагы жаран дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

24-февраль күнү Жумгал районунун Байзак айылынын 56 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 28-февраль күнү жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүүнү суранып, арызы менен кайрылышкан.

1-март күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 киши жана ИИМден 4 кызматкер тартылып, издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button