Саясат

Жээнбек Кулубаев Түркия Тажикстанга учкучсуз учактарды жеткиргени чын экенин айтты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар тышкы иштер министри кызматына сунушталган Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карады.

Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо тышкы саясий ведомствосунун башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Жээнбек Кулубаевден Түркия Тажикстанга “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын жөнөттү деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин кызыкты.

Кулубаев бул тууралуу маалымат алып, элчилик жана башка органдарга тапшырма берилгенин айтты.

“Азыр тактап жатабыз. Буга чейин Түркия тарапка “Байрактарды” биздин кошуналарга сатууда этият болууну билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөй чечиле электигин айтканбыз. Бирок, алар бул бизнес экенине токтолуп, аскердик-техникалык кызматташтык өсө берерин айтууда. Толук маалымат алгандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, — деди ал.

Эл өкүлү Тажикстан “Байрактарды” сатып алганынын чын-жалганын сураганда, Кулубаев “чын” деп жооп узатты.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-декабрында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button