Коом

Ошто сөөгү табылган 22 жаштагы келиндин жакындары арыз жазуудан баш тартышты

Ошто жансыз денеси табылган 22 жаштагы келиндин жакындары милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Бул тууралуу  Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, келиндин жакындары сурак берип, арыз жазышпай турганын билдиришкен.

21-апрелде Ошто 22 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Милиция маалымат таратып, жансыз дене Кара-Суу районунун эгин талаасынан табылганын билдиришкен. Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрель күнү жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө келген, келген учурда эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жарааты болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголуп, кийин жансыз денеси табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button