Коом
Коррупция менен күрөшүүдөн канча каражат бюджетке түштү? Министрликтин жообу
Каржы министри Мелс Аттокуров коррупция менен күрөшүүдөн канча каражат мамлекеттик бюджетке түшкөнү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүнүн депозиттик эсебине 2 млрд 462 млн сом түштү.
“Алардын ичинен мамлекеттик бюджетке 1 млрд 946 млн сом каражат которулду. Дагы 526 млн сом бар. Калганы актив түрүндө түшкөн: үй, батирлер. Алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна берилди. Жалпылап айтканда, коррупция менен күрөшүүдөн 8 млрд сомдон ашык каражат түшкөн”, — дейт ал.



