Коом

Ири эл аралык иш-чаралар алдында чек ара кызматынын даярдыгы текшерилди

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев «Манас» эл аралык аэропортунда жана бир катар өткөрмө пункттарында кызмат өтөп жаткан чек арачылардын даярдыгын текшерди.

Ал чек ара наряддарынын кызмат өтөөсүнүн уюштурулушуна, өткөрмө пункттардын ишине жана кызматтык тартипке көңүл бурду.

Айрыкча Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкка басым жасалды. Чек ара кызматынын башчысы чек арадагы коопсуздукту камсыздап, жарандарды ыкчам өткөрүүнү тапшырды.

Алимбаев аскер кызматкерлерин өз милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкектеги «Бишкек Арена» стадионунда өтүп, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулат. Ал эми ШКУ саммити Бишкекте 31-август жана 1-сентябрда өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button