«Сосновка» посту ачылып, транспорттун бардык түрү өтө баштады

Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда транспорттун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалар каттамга коё берилди.
«Азыркы тапта жолчулар атайын техника менен жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил машиналарга кошо убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам ачылып, кыймыл жанданган.



