Коом

УКМК: Мурдагы мамлекеттик мүлк министри жана бөлүм башчысына карата кылмыш иши уланууда

КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата кылмыш иши уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 23-июнунда КР УКМК тарабынан КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсынын башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) кайра квалификацияланган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button