Коом

Салык кызматы 4 айда 14,4 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-апрель айларында 14 млрд 445,5 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, белгиленген план 3,6 пайызга же 495,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 430,4 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 120,2%).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button