Борбор Азиянын сулуу, ийгиликтүү айымдары аныкталды. Арасында ырчы Анжелика бар

Кытай уюштурган “Жаңы жибек жолу” басылмасы төгөрөгү төп келишкен, Азия өлкөлөрүндөгү эң сулуу айымдардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында кыргыз ырчы айымдары бар.
“Борбор Азиянын ажарлуу аткаруучулары” тизмесине Кыргызстандан ырчылар Анжелика жана Чолпон Талипбек көрсөтүлүп, аталган тизмеге кошулган.
Сөз болуп жаткан басылма “Ажелика Кайратовна – кыргыз эстрада ырчысы, актриса, телеалпаруучу, продюсер. Актрисалыкка 2007-жылы аттанган. Көптөгөн сыйлыктардын жеңүүчүсү”,- деп жазат.
Ал эми Чолпон Талипбек жөнүндө “Non Stop” тобунун солисти катары таанылганы айтылат.
Аталган тизмеге кыргыз ырчы айымдарынан сырткары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жалпы 13 ырчы катышкан.
Казакстандан: Айдана Меденова, Ерке Есмехан, Камшат Жолдыбаева, Индира Едилбаева кирген.
Өзбекстандан: Шахзода, Райхон, Лола Юлдашева.
Тажикстандан: Зулайхо Махмадшоева, Мадина Акназарова, Мехрнигори Рустамтолуктаган.



