Коом

Жаңы конуштардын биринде мурунку аялын мыкаачылык менен өлтүргөн окуя катталды

Бишкектин «Кут» жаңы конушундагы 33 жаштагы аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, анын мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгү «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү»  беренеси менен иш козгоду.

Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 33 жаштагы, үч баланын энеси Р.А. 3-апрель күнү үйүндө бычактан алган жаракаттардан каза болду. Ал күйөөсү менен бир нече жыл мурда ажырашып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button