«Барсбек Каган» тасмасы 19-сентябрдан тарта көрсөтүлөт баштайт

2026-жылдын 19-сентябрынан тарта Кыргызстандагы кинотеатрларда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган «Каганат» киноэпопеясынын биринчи бөлүгү — «Барсбек Каган» тарыхый драмасы көрсөтүлө баштайт.
Тасманы тартууга 1,5 миллион доллар жумшалган. Долбоордо эл аралык адистерден турган чыгармачыл топ иштеп, салттуу кино тартуу ыкмалары менен заманбап санариптик технологияларды жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган.
Авторлордун айтымында, тасма толугу менен жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн эмес. ЖИ тарыхый чөйрөнү, байыркы конуштарды, кеңири мейкиндиктерди жана массалык көрүнүштөрдү жаратууда колдонулган. Ал эми каармандардын кыймылдарынын бир бөлүгү тирүү актерлордун катышуусунда тартылган.
Сценарий, режиссура, көркөм концепция, үн коштоо жана негизги чыгармачылык чечимдер адамдар тарабынан ишке ашырылган.Тасманын сценарийинин алты варианты даярдалып, алардын ичинен акыркысы тандалган. Тарыхый материалдарды даярдоого кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын, байыркы кыргыздардын маданиятын жана мурасын изилдеген адистер да тартылган.
«Барсбек Каган» классикалык согуштук тасма эмес. Анда негизги басым мамлекеттик ой жүгүртүүгө, башкаруучунун жоопкерчилигине жана көз карандысыздык үчүн күрөшкө жасалат.
Тасманын башкы каарманы — VII кылымдын аягы — VIII кылымдын башында Енисей кыргыздарын башкарган Барсбек Каган. Ал каган титулун кабыл алып, кыргыздардын алгачкы мамлекеттүүлүгүнүн символдорунун бири болгон. Фильмде Барсбектин кыргыздардын көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн дипломатияга, эл аралык союздарга жана ошол мезгилдеги ири державалар менен мамиле түзүүгө аракет кылганы баяндалат.
Тасма кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлүп, субтитрлер да каралган.
Негизги прокат аяктагандан кийин продюсер Нургалы Асаналиев тасманы мамлекетке өткөрүп берип, Кыргызстан аймактарында, анын ичинде алыскы айылдарда, мектеп окуучулары жана жаштар үчүн акысыз көрсөтүүлөрдү уюштурууну пландап жатат.
«Барсбек Каган» беш толук метраждуу тасмадан турган «Каганат» киноэпопеясынын башталышы болот. Кийинки тасмалар кыргыз тарыхындагы башка доорлорго, көрүнүктүү башкаруучуларга жана маанилүү окуяларга арналат.
Тасманын бет ачары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулууда.



