Нариман Түлеев социалдык тармактарда тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди

Ош шаарындагы «Сулайман парк» соода борборунун курулушу жыл соңуна чейин толук аяктап, иштей баштайт. Бул тууралуу долбоордун өкүлү Нариман Түлеев билдирип, социалдык тармактарда Сулайман-Тоо жана анын ЮНЕСКОдогу макамы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Буга чейин калаа башчы Жанар Акаев Түлеев «Сулайман парк» соода борборунан тоого чейин асма жол курууну сунуштаганын билдирген. Мэрдин айтымында, ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул долбоор ишке ашпай калган.
Түлеев бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратты. Ал белгилегендей, Акаев менен бейрасмий сүйлөшүү болуп, шаарды өнүктүрүү, аймакты көрктөндүрүү жана тарыхый мурастарды сактоо тууралуу жалпы идеялар талкууланган.
Түлеевдин айтымында, Сулайман-Тоого асма жол куруу мурдатан эле айтылып жүргөн, мэр менен сүйлөшкөндө болгону сөз арасында гана кеп кылышкан.
«Асма жол боюнча эч кандай долбоор сунуштаган эмесмин. Ошондуктан бул маселе боюнча ЮНЕСКОго эч кандай кайрылуу, документ же демилге жөнөтүлгөн эмес», — деген Түлеев.



