Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция жайкы туристтик мезгилге кызуу даярдыктарды көрүүдө

Туризм — Кыргызстандын экономикасынын келечектүү тармактарынын бири. Андыктан, Ысык-Көл облусунун милициясынын кызматкерлеринин алдында, жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү, учурдун негизги милдеттеринин бири болуп калууда. Башкача айтканда, туристтердин жана эс алуучулардын комфорттуу эс алуусун өткөрүү үчүн, тийиштүү коопсуздукту камсыз кылуу.

Бул максатта, Ысык-Көл ОИИБдин «Курорт-2022» комплекстүү иш-мерчеми иштелип чыгып, анда өткөн жылдардагы туристтик сезондо аткарылган иштерди талдап чыгуунун негизинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленип, бир катар ыкчам жана алдын-алуу иш-чаралары аныкталган.

Ысык-Көл облусунун аймагында 700гө жакын курорттор, эс алуу үйлөрү, туристтик лагерлер, балдардын эс алуу борборлору жана эс алуунун башка түрлөрү бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкандыктан, Бостерин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында, жайкы туристтик мезгилге коопсуздукту камсыз кылууга бекитилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин убактылуу штабы түзүлдү.

Жайкы туристтик сезондо областтык милициянын миңден ашуун кызматкери эс алуучулардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөшөт. Ошондой эле, милициянын ишине жардам иретине ыктыярдуу элдик кошундардын мүчөлөрү да тартылмакчы. Ички иштер органдарынын өздүк курамынын саны, ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсебинен көбөйөт. Көлдүн жээгиндеги милициянын нарядтарынын саны курорттук-эс алуу мекемелеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен ишке ашырылат.

Кылмыштар жана окуялар боюнча түшкөн арыздарга, билдирүүлөргө өз убагында жана ыкчам чара көрүү максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш айылдык милиция бөлүмчөсүндө экиден милициянын мобилдик топтору күнү-түнү нөөмөттө турушат, Тажрыйбалуу жана кесипкөй милиция кызматкерлери менен толукталган, милициянын атайын ыкчам жана тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, облустун автожолдоруна 50гө жакын посттор орнотулуп, анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлордун 3 смендик иши уюштурулат. Тоодогу туристтик каттамдарда милициянын 3 убактылуу таяныч пунктары иш алып барышат. Мындан тышкары, туристтик жана экологиялык милициянын кызматкерлери, чет элдик туристтер жана эс алуучулар саякатташкан тоолу каттамдарда, жол тандабас автоунаалар жана жөө жүрүш менен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы.

Туристтердин жана эс алуучулардын ынгайлуулугу үчүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын күнү-түнү кызмат кылуучу call-борбору уюштурулуп, анда чет элдик турист, же эс алуучу 0705009102 телефону аркылуу чалып, англис же орус тилдеринде, аймактагы коопсуз эс алуудан баштап, аймакты жакшы билбесе, кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат. Маалыматтык материалдар да даярдалган. Буклеттерде жана визиттик карталарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишеним телефондору жана күнү-түнү иштеген ыкчам жардам көрсөтүү мекемелер жөнүндө маалыматтар камтылган.

Мекемеден билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери туристтер менен эс алуучулардын коопсуздугун ишенимдүү камсыздоого толук даяр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button