Коом

Камчыбек Ташиев реанимобилдерди алып Баткенге учуп кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Баткенге учуп кетти. Маалыматты Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармакка жарыялады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы чек арадагы ок атышуудан жаракат алган эки жоокерди алып келүү үчүн реанимобилдерди алып учуп кетти.

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномет колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу ок атышуудан эки кыргыз аскер кызматкери жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин кабарлашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button