Бишкекте 1200 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулду.
Алардын бири Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1200 окуучуга ылайыкталган мектеп.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган.
Долбоорго ылайык, мектепте сапаттуу билим алуу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залдары жайгашкан.
Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, мектепти пайдаланууга берүү алдында акыркы даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин кошумча окуу орундар түзүлүп, Бишкектеги билим берүү инфраструктурасына болгон муктаждыкты азайтууга шарт түзүлөт.



