Президент Жер шарын иш сапар менен сегиз күндө айланып чыкты

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Жер шарын дээрлик айланып кайтты. Бул туурасында анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов жазды.
Ал мамлекет башчы АКШдагы сапары карып, Нью-Йорктон келгенин билдирди. Жапаров 15-сентябрдан тарта Түштүк Корея менен АКШда сегиз күндүк иш сапарда болуп, самолетто 32 саат жашаган.
«№1 борт Бишкек — Сеул — Аляска — Солт-Лейк Сити (Юта штаты) — Нью-Йорк — Шаннон (Ирландия) — Бишкек каттамы менен учуп жер шарын толук айланып келди. Сегиз күндө — үч континент», — деген Аскат Алагөзов.
Президент иш сапарда Корея–Борбор Азия саммитине катышып, Ютада тоо туризми жана спорттук инфраструктура менен таанышты. Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, эки тараптуу жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.



