Коом

Ички аскерлердин аскер кызматчылары Өзгөн районунун жашоочуларына жардам беришүүдө

Ош облусунун Өзгөн райондук администрация башчысынын биринчи орун басары  ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгына Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын  Кош-Этер айылындагы селдин кесепеттерин тазалоого жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылган.

 Бул кайрылууну 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын жетекчилиги  колдоого алышып, 2022-жылдын 2-июнунда 703 аскер бөлүгүнүн (Өзгөн шаары) өзүнчө ротасынын 20 аскер кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Аталган жерге келген аскер кызматчылары селдин кесепеттерин жоюуга киришип, көчөлөрдү жана короолорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө аскер кызматкерлери айылдын жашоочуларына табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жигердүү жардам берип жатышат, — деп билдирди ИИМ ИА Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button