Контрабандисттерди коргогон Мадумаровду эми ким коргойт?

Кыргызда “ойлонбой сүйлөгөн онтобой өлөт” – деген кеп бар. Анысы кандай, кече Жогорку Кеңештин жыйынында Мадумаров баягы бакырчаак адатына салып, текеберлигин карматып, тапандана коём деп УКМК башчысынан кагуу жеп, жаагы жап болду.
Качан болбосун фактысы, далили жок, базардагы катын ушактын деңгээли менен сүйлөп көнгөн Мадумаровдун УКМК кызматкерлери жөнөкөй жарандарды кысымга алып, ишкерлерди тоноп жатат, бул боюнча менде жарандардын кайрылуулары бар деген сөзүнө жооп кайтарган УКМК башчысы бул жерде Мадумаровдун жеке кызыкчылыгы болгонун, ал контрабанда менен иш жүргүзгөн айрым адамдарды канатына калкалап, мыйзамсыз аракеттерине көмөктөшүп жатканын билдирди.
Эми кептин төркүнүнө келсек, мындан бир аз убакыт мурун Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарды кыдырышкан. Мадумаров да өзүнүн партиялаштары менен Баткен жергесине иш сапар менен барган учурда Ташматов Арслан аттуу жергиликтүү тургун Мадумаровго кайрылып, пара талап кылып жатат деп УКМК кызматкерлеринин үстүнөн даттанган. Сөз болуп жаткан Ташматов Арслан деген ким? Ташматовдорду Баткен эли жаш карысы дебей белгилүү контрабандисттер катары таанышат. Алар ушундай жол менен эбегейсиз байлык топтоп, акчанын күчү менен өздөрүнүн кадырын арттырууга жетишишкен. Атүгүл бул үй-бүлө айыл өкмөттү, акимди да тоготпосун, алардын оозун акча менен жаап, каалаганын жасаарын элдин баары билет.
Ушул окуядан бир аз мурун Арсландын бир тууганы Нургазы Ташматов Лейлек районундагы Коргончо чек ара өткөрүү участкасынан 8 тонна күйүүчү майды Тажикстан тарапка өткөрүү учурунда кармалып, Кыргызстанга таандык жасалма номер тагылган 2 автоунаа айып короосуна токтулган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул унаалар Нургазы Ташматовдун тажик өнөктөштөрүнө таандык экени, тагыраагы автоунаалар Тажикстанда каттоодо тураары аныкталган. Дагы бир жагдай, Нургазы Ташматов 2021-жылдын сентябрь айында тажиктерге жаратылыш газын мыйзамсыз сатуу учурунда Худжант-Арка жолунда колго түшкөн. Арадан туура бир ай өткөндө, тагыраагы 2021-жылдын 15-октябрында Кулунду айылынан УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, жүк алып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу Арслан Ташматов экени белгилүү болгон. Ал колго түшкөн учурда УКМК кызматкерлерине карата орой мамиле жасап, каршылык көрсөтүп, элди чогултуп ташбараңга алдыраарын айтып, опузалаган. Мына ушул фактылардан улам Ташматовдордун кандай деңгээлдеги контрабандисттер экенин билсек болот. Ошондой эле, бизге жеткен маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы катуу көзөмөлдөн улам, контрабанда менен алектенген Ташматовдордун иши жүрүшпөй, тажик тараптагы өнөктөштөрүнө карызы көбөйүп кеткен. Буга ачууланган тажиктер Ташматовдорду кысымга алып, карыздан кутулуу талабын коё башташкан. Аргасы кеткен Ташматовдор жакын тааныштары аркылуу Мадумаровго чыгып, жардам сурап, анын акысы үчүн акча беришкен. Ушундан улам Мадумаров жасалма түрдө Ташматовдорго элдин, ЖМК өкүлдөрүнүн алдында калп эле кайрылуу жолдоткон.
Анткени Ташматовдор кайрылуу жасагандан кийин бул боюнча тиешелүү органдар тарабынан иликтөө жүргүзүлүп, анын алкагында Арслан Ташматовдон ким пара талап кылганын сураганда анын аты-жөнүн билбесин, өңүн тааныбасын айтып, кутулуп кеткен. Бул боюнча прокуратурага кайрылуусу керектигин айтканда, андан да баш тарткан.
Бул окуялардан кабары жок Мадумаров кече ушул нерсени бетине кармап алып мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сүйлөп, анан да Ташматовдордон алган акчасын актап алайын деди эле, анысы өз башына муш болуп тийип, кагуу жеп, бозала болуп отуруп калды. Барынан кызыгы, буга чейин Мадумаровдун башына кара булут айланып, камалып кетээрде аны коргоого алып, камактан калкалап калган кесиптештери кече ага сүйлөгөнгө да уруксаат беришкен жок. Сыйлап койгон сайын асман айга секирип, өзүн фейк фермалары аркылуу Жогорку Кеңештин Дүйшөн агайы ататып, анысынан ырахат алган Мадумаров текеберлигинин, оройлугунун артынан кесиптештерине да кадыры кетип бүткөнүн кече даана сезди көрүнөт…



