Коом

Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды

Коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын Тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечиминин негизинде Бейшеналиев бир айлык мөөнөткө кармалды.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн.

Кечээ, 4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button