13 жаштагы кызды Дубайга сойкулук менен алектендирүү үчүн сатышкан

13 жаштагы кызды Дубайга сойкулук менен алектендирүү үчүн сатып жиберишкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.
Ал мындай маалыматты өспүрүмдүн апасы Элиза Дүйшекеева аттуу жаран кайрылган.
Анын 2011-жылы туулган Айзирек Арлекова аттуу кызы болгон. Аял 2015-жылы күйөөсү менен ажырашкан. 2024-жылы күйөөсүнүн Жумадилова фамилиясындагы тууганы келип, кызын Дубайга эс алууга чакырган. Башында макул болгон эмес, бирок кызы суранып, эс алууга жиберген.
Ал жакта тууганы 13 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлаган. Кийин Бишкекке кайтып келгенде, сойкулукка тиешеси бар адамдар Жумадиловага батир жана телефон сатып беришкен. Батирди аял өз атына каттаткан.
Бирок кийин ар кандай ушак-айыңдардан кийин кыз уксус ичип, каза болуп калган.
Азыр тергөө жүрүп жатат, иш Караколго жөнөтүлгөн. Бирок аял эки жаш баласы менен ал жакка улам-улам барып келүү ага оор болуп жатканын айтууда. Ал абдан оор абалда калганын айтып, жардам сурап жатат.
«Бул маселени Министрлер Кабинети көзөмөлгө алышын суранам», — деп кошумчалады Эльвира Сурабалдиева.



