Коом

«Бишкек Аренага» эмнелерди алып кирүүгө болбойт? Тизме

«Бишкек Арена» стадионунун администрациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Ага төмөнкүлөр кирет:

  • баңгизат жана башка тыюу салынган заттар;
  • тамеки, IQOS, насвай жана алардын аналогдору;
  • сагыз;
  • айнек бөтөлкө, банка, термос жана башка катуу жана сынуучу идиштер;
  • алдын ала уруксат алынбаган кесиптик сүрөт жана видеокамералар, дрондор жана башка жабдуулар;
  • чоң рюкзак, сумка, чемодан жана башка көлөмдүү жүктөр;
  • сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар;
  • курал-жарак, сайгыч, кескич жана башка кооптуу буюмдар;
  • аэрозолдук жана газ баллондору, тез күйүүчү суюктуктар жана башка кооптуу заттар;
  • пиротехникалык каражаттар, фейерверктер жана сигнал берүүчү каражаттар;
  • тиешелүү уруксаты жок радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафондор жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттар.

Белгиленгендей, жогоруда аталган буюмдардын бардыгы кире бериштен алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button