АКШда бала бакчага бара турган балдардын эмдөөдөн баш тартуусу рекорддук деңгээлге жетти

АКШда бала бакчага кабыл алынуучу балдардын 4,2 пайызынын ата-энелери кабыл алуу үчүн талап кылынган вакциналардын кеминде биринен баш тартышкан. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) маалымдады.
Ошентип, болжол менен 155 миң бала милдеттүү эмдөөлөрдүн кайсы биринен өтпөй калат. CDCнин баалоосунда, 2025/26-окуу жылында эмдөөдөн баш тарткандардын үлүшү рекорддук деңгээлге жеткен. Мурунку жылы бул көрсөткүч 3,6 пайызды түзгөн.
CDCнин маалыматына караганда, баш тартуулардын көбү медициналык эмес себептерге байланыштуу. Ата-энелер диний көз карашын, жеке позициясын жана башка себептерин жүйө катары көрсөтүшөт. Ал эми медициналык себептерден улам эмдөөдөн баш тартуу 0,2 пайыз деңгээлинде калууда.
Кливленд шаарынын саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси Дэвид Марголиустун айтымында, эмдөөдөн баш тартуулардын көбөйүшү «өкүнүчтүү, бирок күтүүсүз эмес». Анын пикиринде, бул өлкөдө вакциналарга карата так позициянын жоктугун көрсөтөт.
Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп бардык балдарга сунушталган вакциналардын санын 17ден 11ге чейин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Тизмеден А жана В гепатитине, менингококк инфекциясына, ротавируска, сасык тумоого жана COVID-19га каршы вакциналар чыгарылган.
Бул чечим АКШнын саламаттык сактоо министри Роберт Кеннеди кичүүнүн демилгеси менен кабыл алынган. Ал эмдөөгө карата скептикалык көз карашы менен белгилүү жана буга чейин да вакцинацияны чектөөгө багытталган чараларды көргөн.
CDCнин маалыматына ылайык, быйыл АКШда акыркы 35 жылдагы кызамык оорусунун эң көп учуру катталып, ооругандардын саны 2566 адамга жеткен.


