Таласта президенттик «Акылман» лицейинин филиалы жаңы окуу жылында ачылат

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарында президенттик «Акылман» лицейинин филиалын ачууга даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, педагогикалык кызматкерлер сынактын негизинде тандалып алынат. Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө министр курулуш иштеринин абалы жана окуу кабинеттеринин даярдыгы менен таанышты.
Жаңы окуу жылында Таластагы филиал 7–8-класстарга кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Жалпысынан лицей 920 окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле 168 орундуу жатакана каралган.
Мындан тышкары, дагы бир филиал Манас шаарында ачылат.
Эске салсак, таланттуу балдар үчүн алгачкы президенттик «Акылман» лицейи 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында ачылган.



