Коом

№3 колонияга баңгиге окшош зат киргизүүгө аракет жасаган 18 жаштагы жигит кармалды

12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында Новопокровка айылындагы No3- мекеменин кайтарылган тосмосунун жанынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринин тургуну 18 жаштагы С.Ж.М. тыюу салынган буюмдарды колониянын аймагына өткөрүүгө аракет кылган. 

Тинтүү учурунда алар полиэтиленге оролгон таңгак табылган, анын ичинде баңги заттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон.

 Кармалган жарандын өзү жана бул окуя боюнча материалдар кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүлүп берилди, — деп айтылат ЖАКтын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button