Коом
«Манас» аэропортуна бомба коюлду деп, бирок табылган жок

Бүгүн эртең менен «Манас» аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тараган. Жүргүнчүлөр эвакуацияланып тийиштүү иштер жүргөн соң бомба табылган жок.
Буга чейин компаниянын маалымат кызматы бомба коюлганы тууралуу маалымат электрондук почтага келгенин айтып, жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланып жатканын билдирген.
«Эч кандай жардыруучу зат табылган жок, эл имаратка киргизилип, пландалган рейстер өз убактысы менен аткарылып жатат», — деди аэропорттун маалымат кызматы.



