Коом

Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу 4 тилкелүү болуп ачылды

Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, узундугу 36,6 метрди түзгөн көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.

Мындан тышкары, жолдун 0-350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү.

Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында лотоктор орнотулду.

Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button