Коом
Кыргызстанда күн сууктайт! ӨКМдин шашылыш билдирүүсү
13-15-октябрда абанын температурасы төмөндөп, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Өрөөндөрдө түнкүсүн 1…6 градуска чейин түшсө, тоолуу аймактарда нөлдөн төмөн болот. Жаан-чачын, катуу шамал болору күтүлүүдө.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Мөмө жана жашылча-жемиштер үчүн да коркунучтуу.
@abal-kg



