Коом

Жалал-Абадда мас абалында мушташып, шеригин таш менен башка уруп өлтүргөн деген шектүү кармалды

Майлуу-Суу милициясы өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 29-майына караган түнү Майлуу-Суу шаарынын Заречная көчөсүндө саат 07:30 чамаларында 55 жаштагы жарандын бети-башы жарылган абалда, киши колдуу болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материал Майлуу-Суу ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында, ошондой эле “Издөө” аталышындагы атайын иш-чарасынын жүрүшүндө, Майлуу-Суу ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн опер кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучу менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мушташып кетип башына таш менен уруп жиберип, кесепетинен улам жаран каза болуп калгандыгы аныкталган.

Майлуу-Суу шаарынын тергөө судьясы тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Учурда бул ишти соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button