Кеминде инисин өлтүрүүгө шектелип аталаш агасы кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, 19-июнда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген.
Аталган дарекке милиция кызматкерлери барган учурда үйдө 1992-жылы туулган Б.С. атуу жарандын жансыз денеси табылган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Киши өлтүрүү» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Кылмышка шектелип аталаш бир тууган агасы 1979-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.



