Саясат

Качкын Булатов: “Исхак Масалиев акылы, амалы, жаратмандыгы жоктугунан партиясын тарыхтын таштандысына айлантты”

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы иштегенине жыл айланбай жатып «оригиналдуу» пикирлери, «өзгөчө» демилгелери менен коомчулуктун талкуусуна туш болууда. Укук коргоочу Качкын Булатов эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:

— Депутаттар элди эриктирбей турган болушту. Мурункулары «чимкирик» атка консо, эми минтип «задний проход» атка конуп отурушат. Жалаң эки жүздүү, маскарапостун жолун жолдогон көпөстөр Жогорку Кеңешке келип алышты. Ошолордун бири Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстандан» ЖКда отурат. Маркум Апсамат Масалиевден калган Комунисттик партияны баласы Исхак акылы, амалы, жаратмандыгы жоктугунан тарыхтын таштандысына айлантты. Оппозиция болгон соң, бийликти сындаганда фактыларды так билип алса жакшы болмок. Цифраларды так билбей туруп өкмөттү такай жомокчу деп сындап келет. Бирок ошол эле өкмөт дүйнөлүк кризистин убагына туруштук берип келе жатат. 

Өткөн жылы консалидацияланган бюджет 280 млрд сом деп кабыл алынса, өкмөт 312 млрд сомго көтөрүп, 32 млрд сомго көп аткарыптыр. Кудай буюрса, быйыл 400 млрд сомдон көп болот деп жатат. Бир жыл ичинде бюджетти 120 млрд сомго көтөрөт деген тарыхта болгон эмес да. Бул иштерди көрбөгөн, билбеген  Исхак Масалиев өзү жомокчу окшойт, элди адаштырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button