Коом
Жалал-Абадда аэропортту көчүрүү пландалууда

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Элдос Таев шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолугушту.
Жолугушууда адистер учурда башкы планды даярдоо боюнча жеринде иш жүргүзүп жатышкандыктарын белгилеп, айтылган сунуш-пикирлердин үстүндө иш алып барышарын билдиришти.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы толугу менен 2023-жылы даяр болот. Даярдалып жаткан баш планда шаардын аймагы 4452 гектар аянтка кеңейтилип, көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт шаарга жакын жайгашкан райондордун биринин аймагына көчүрүлөт.



