Караколдук тергөөчү мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону болду — ВИДЕО

21-июндан 27-июнга чейин Саха Республикасынын Якутск шаарында Якут Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мас-рестлинг боюнча IV дүйнө чемпионаты өттү. Ага дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнөн спортчулар катышты. Кыргызстандын курама командасы чемпионаттын кожоюндарына гана утулуп, жалпы командалык 2-орунду ээледи.
Биздин кыз-келиндер курама командасы үчүн 65 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Каракол ШИИБдин тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Кымбат Нуржанова бардык атаандаштарын жеңип, эңсеген алгачкы алтын медалды Кыргызстандын курама командасына алып келди. Бул милиция кызматкеринин эл аралык мелдештердеги биринчи жеңиши эмес. 2021-жылы Өзбекстан, Түркия жана Финляндияда мамлекеттеринде үч этап менен өткөн дүйнө кубогунда да алтын байгеге ээ болгон.
Жакында Чолпон-Ата шаарында дүйнө чемпиону аталган Кымбат Нуржанованы кесиптештери жана күйөрмандары тосуп алышты. Салтанаттуу жана жылуу маанайда ага Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиевдин атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Кесиптештери дүйнө чемпионун спорттук аренада гана эмес, кызматтык ишмердүүлүгүндө да жаңы бийиктиктерди багындырышын каалашты.



