Коом

«Радуга» пансионатынын пляжындагы мушташтын себепкери камакка алынды

Бүгүн, 30-июнунда Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен «Радуга» пансионатынын пляжында орун алган мушташтын себепкерине, 34-жаштагы М.Э. карата 20-июльга чейин камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, 29-июнунда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин (Эн баштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button