Бектур Асанов: “Жалал-Абад шаары экономикалык жактан борбор боло алат”

Кечээ Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаары экономикалык жактан таяныч борбору боло ала турганын айтты.
Азыркы учурда мындай таяныч борбор Бишкекте болгондуктан, түштүктун экономикалык абалын оңдоо максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатканын айтты. “Чындыгында буга чейин Кыргызстандын түндүгүнүн өнүгүшүнө көп салымдар болуп жатат. Бишкекте баардык соода-кызматташтыктар Россияга, Казакстанга кетчү жол да борбор аркылуу. Эми картаны башкача которуп, өндүрүлгөн электр энергиясынын 2/3 бөлүгү Жалал-Абадда өндүрүлгөнүн эске алып, Түндүк-Түштүктү бириктирүүчү альтернатива жолу, Балыкчы-Кара-Кече-Жалал-Абад темир жолу түшүп жатканына байланыштуу экинчи экономикалык борборду курууну Жалал-Абаддан баштайлы деп жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаровдун айтканы тууралуу Жалал-Абад шаарынын экс-губернатору, коомдук-саясий ишмер Бектур Асановдун пикирин уктук.
-Дүйнө жүзундөгү мамлекеттердин арасында борбор шаары эмес, башка да өнүккөн чоң шаарлары экономикалык борбор болуп эсептелет. Мындай мисалдар Кытайда, Индияда, Бразилия жана башка олкөлөрдө да бар. Аларда мамлекеттин борбору эмес, бирок башка шаарлары экономикалык жактан өнүккөн борборлор. Мисалы, Кытайдын Шанхайын алсак болот. Жалал-Абад шаарынын калкы да акыркы мезгилде абдан өсүп жатат, бул шаарды экономикалык борбор болууга потенциялы чоң. Ошол эле өндүрулгөн электр энергиясынын 3/2си Жалал-Абад областынын территориясында өндүрүлөт. Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу да Жалал-Абад аркылуу өтөт. Жалал-Абад шаары экономикалык жактан борбор боло алат, — деди Бектур мырза.



