2013-жылы Исхак Масалиев Салык кызматында иштегенде планды аткара алган эмес
Мурдагы салык кызматынын жетекчиси, учурда депутат Исхак Масалиев азыркы Кыргызстандагы болуп жаткан маселелерге социалдык тармактар аркылуу сын айтып келет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров 2013-жылы Масалиев Салык кызматында эмгектенип жатканда канча пайда тапканын Парламенттик жыйында айткан.
Акылбек Жапаров:
-Исхак Масалиев мен тууралуу социалдык тармактарда бир топ комментарийлерди берип жатат. Ага түз эле айтып коеюн. 2013-жылы Исхак Абсаматович Масалиев Салык кызматынын директору болуп эмгектенген. Бир жылда ал 37 миллиард сомду чогулткан. Ошол кезде планды 97,2 % ге гана аткарган. Ал эми биз 2022-жылдын беш айдын ичинде эле 60,8 миллиард сомду чогулттук. Же болбосо, башкача айтканда 2013-жылы бир жылда эптеп чогулткан салыкты биз эки жарым айда чогултуп коюп жатабыз. Балким ошол учурда, же бүгүн да ал кишилерге жомоктур. А бизге болсо бул факт! Ошонун негизинде биз айлык-маяналардын баарын көтөрүп жатабыз. Биз кирешени көбөйтүүнүн үстүндө иштей беребиз. Эч кандай жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз административдик ресурстарды, фискалдык ресурстарды, коррупциялык схемалардын жоюнун натыйжасында биз ушуга келип жатабыз, — деди.



