Коом

Чүйдө 14 жаштагы кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду

Чүйдө 2008-жылы туулган кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июлда Токмок ШИИБге Токмок шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулаган кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 2008-жылы туулган кыздын жансыз денесин табышкан.

Аталган факты каттоого алынган. Учурда окуянын бардык жагдайларын териштирүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button