Коом
Төө-Ашуудагы туннелде 8-июлга чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет

6-июлдан 8-июлга чейин Төө-Ашуу ашуусундагы туннелде унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу иштери менен байланыштуу.
Эске салсак, 5-июлда ашууда кырсык болгон. Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас Көлбаев атындагы тоннелдин 1250 метринде күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон. Алар жабыркаган эмес. Тоннелдеги кырдаалдан улам электр жарыгы өчүрүлгөн.



