Коом

Токмокто тамырын кесип, 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмокто 40 жаштагы жаран кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды.

«Окуя саат 20:32 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө болгон. Жерине өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң милиция кызматкерлерине жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран (эркек) мас абалында болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button