Ысык-Көлдө ири шумкарлардын бири «Сапсан» менен браконьер кармалды

2022-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик жана экологиялык полициясы менен биргеликте Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургунунан шумкар тукумундагы жырткыч «Сапсан» кушун табышкан.
Окуя болгон жерде акт түзүлгөн. Топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Канаттуунун абалы канааттандырарлык эмес деп бааланууда, ал ветеринардык жардам алып, реабилитациядан кийин табигый чөйрөсүнө койо берилет.
Ошону менен бирге мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу (атуу, кармоо) фактылары аныкталган учурда айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөрүн белгилейбиз.
Маалымат үчүн: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна ылайык, мыйзамсыз 1 сапсанга аңчылык кылуу (атуу, кармоо) үчүн айып төлөм 250.000 сом түзөт.
Маалымат иретинде: Сапсан – шумкар тукумунан өтө сейрек уя салуучу келгин жырткыч куш. Шумкар эң ылдам куш болуп эсептелет. Эксперттердин айтымында, тез сүңгүп учууда ал 322 км/саат же 90 м/сек ылдамдыкка жете алат. Арткы манжалардын тырмактары менен сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир топ чоң айбанаттардын башы денесинен адырап кетиши мүмкүн.



