Коом
Быйыл региондордогу 3 мамлекеттик университетте медициналык факультеттер ачылат
Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди
«Бирөө Нарын мамлекеттик университетинде түзүлөт. Себеби Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт, Бишкекке келип окуган медик кайра айылына барбайт. Кийинкилери Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде ачылат. Эки айдын ичинде клиникаларын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап 1-сентябрда 200-300 студентке чейин кабыл алышы керек. Ошолор эле университеттин бюджетин 30-60 млн сомго көбөйтө алат«, — деди министр.



