Коом
№27 түзөтүү мекемесинин китепканасы көпчүлүктү суктандырат

Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 мекемеде Кыргыз Республикасында Япониянын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылган Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) тарабынан түзүлгөн чакан жана маңыздуу китепкана бар.
Айта кетүүчү жагдай китептердин түрү кубандырат. Түрдүү темасына жана мазмуундарына шайкеш абдан сапаттуу басмалар бар.



