Коом
Президентке кайрылган Кеминдик эне: «Үч кызым генетикалык оору менен жабыркайт»

Кемин шаарынын тургуну Шахризада президент менен болгон жолугушууда үч кызынын тең нейрофиброматоз деген генетикалык оору менен ооруй турганын айтып, мамлекет тарабынан 400 миң сом өлчөмүндө каржылоо бөлүп берүүнү суранды.
Шахризада өзү экинчи топтогу майып. Анын айтымында, ага бул оору боюнча убагында диагноз коюлган эмес, ошондуктан оорунун тукум куучулук мүнөзү тууралуу билген эмес. Учурда үч кызынын тең диагнозу нейрофиброматоз. Үч жаштагы кызы Жасминдин абалы оор, ага плексиформдук нейрофиброма диагнозу коюлган.
Президент келинге чогулуштан кийин министрге кайрылууну сунуштады.



