
Кытайда өтчү Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама команданын курамы белгилүү болду. Команданын курамында 7 спортчу кирди.
Алар:Нуржигит Дүйшөбаев — 51 килограммга чейин;Мунарбек Сейитбек уулу — 57 килограммга чейин;Асхат Култаев — 63,5 килограммга чейин;Нурадин Рустамбек уулу — 71 килограммга чейин;Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 килограммга чейин;Эркин Адылбек уулу — 92 килограммга чейин;Ооматбек Элчоро уулу — 92 килограммга жогору.Машыктыруучулар: Данияр Төлөгөн уулу, Улан Сагынбаев жана Аскат Абаев.Азия оюндары Париждеги Олимпиада оюндарына тандоо болуп саналат. Ар бир салмактык категория боюнча финалисттерге жолдомо берилет.



