Коом

Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат


Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр кандай учурда коронавируска каршы эмделип, кайсы вакцинаны алышы керектигин айтып берди.

Ноябрда калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категоря киргизилген.  Алар 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуулар жана бала эмизгендер болчу.

Министрлик өспүрүмдөр Pfizer Pfizer — BioNTech вакцинасы менен эмделерин билдирди.

«Өнөкөт илдети барлар жана улгайгандар менен дайыма байланышта болгон, ошондой эле өзүнүн да ден соолугу начар балдар биринчи кезекте вакцина алышы керек», — деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанга октябрда Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын 250 миң дозасы келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button