Коом

Өзбекстанда аткаминерлер балдар үйүндөгү кыздарды зордуктап жүргөн

Хорезм облусундагы окуя тууралуу “Унчукпай койбо” долбоору айтып берди. Анын маалыматына караганда, жергиликтүү балдар үйүнүн жетекчиси өспүрүм кыздарды облустук юстиция башкармалыгынын жетекчисине жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына 10 ай бою төшөк кызматын көрсөтүүгө мажбурлаган. 

Аткаминерлер бул үчүн директордун көйгөйүн чечип берүүнү убадалап, техника, эмерек жана балдарга таттуу алып берип турушкан. 

ЖМКлардын жазганына караганда, кыздар балдар үйүндө, башка жерлерде, юстиция башкармалыгынын жетекчисинин кызматтык батиринде секс кызматын көрсөтүүгө аргасыз болушкан. 

Бул окуя 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланып, коомчулукка эми гана жарыяланып жатат. Факт мурда эле белгилүү болгон жана аткаминерлердин соту жабык өткөн. Айыпталуучулар сотто кыздар интимге өз каалоолору менен барганын, аларды эч ким кыйнабаганын айтышкан. Кыязы фемида өкүлдөрү аларды жактаган окшойт, дүйнөдөгү эң жеңил жаза менен жазалаган. Тагыраагы, 1,5 жылга үй камагына алышкан. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси 5 жылга кесилген. 

Бирок ЖМКлар аркылуу чуу жаралганда окуяга өзбек парламентинин төрайым Танзила Нарбаева жана президенттин кызы Саида Мирзиёева кийлигишип, катуу жазага тартууну талап кылышты. Балдар омбудсмени окуяны өз көзөмөлүнө алды.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button