Коом
Өлкөдө энергетика системасында электр энергиясын иштеп чыгаруу кыскарды

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы билдиргендей, учурда Токтогул ГЭСиндеги төрт агрегаттын бирөөсү оңдолуп жатат.
Ишкана жагдайды эске алуу менен калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
«Токтогул» — өлкөдөгү эң ири энергетикалык станция. Ал электр энергиясынын 40%ын камсыздайт.



